Зомбулукка кабылган
аялдар жана кыздар
үчүн базалык кызмат
көрсөтүүлөр

Онлайн курс

Модуль 1
Базалык кызмат көрсөтүүлөрдүн топтому боюнча киришүү курсу
Модуль 2
Базалык медициналык кызмат көрсөтүүлөр
Модуль 3
Сот адилеттиги жана укук тартиби чөйрөсүндөгү базалык кызмат көрсөтүүлөр
Модуль 4
Базалык социалдык кызмат көрсөтүүлөр
Модуль 5
Координациялоо жана макулдашуу процессин башкаруу чөйрөсүндөгү базалык чаралар
«Зомбулукка кабылган аялдар жана кыздар үчүн базалык кызмат көрсөтүүлөр» курсу БУУ Аялдар, БУУнун Калк фонду (ЮНФПА), Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму, БУУнун Өнүктүрүү фонду жана БУУнун Баӊги заттары жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы агенттиктери тарабынан жана БУУнун Балдар фондунун колдоо көрсөтүүсү астында иштелип чыкты.

Курс беш модулдан турат:
• 1-модуль. Киришүү.
• 2-модуль. Базалык медициналык кызмат көрсөтүүлөр.
• 3-модуль. Сот адилеттиги жана укук тартиби чөйрөсүндөгү базалык кызмат
көрсөтүүлөр.
• 4-модуль. Базалык социалдык кызмат көрсөтүүлөр.
• 5-модуль. Координациялоо жана макулдашуу процессин башкаруу чөйрөсүндөгү базалык чаралар.

Биринчи модуль зомбулукка кабылган аялдарга жана кыздарга кызматтарды көрсөтүүнүн негизги принциптерин жана стандарттарын камтыйт. Кийинки үч модуль саламаттыкты сактоо, социалдык өнүктүрүү, укук тартиби жана сот адилеттиги уюмдары тарабынан сунуш кылынган стандарттарды караштырат. Атайын модуль жабыр тарткан адамдарга сунуш кылуучу кызмат көрсөтүүлөрдү координациялоо жана координацияланган комплекстүү жардам көрсөтүү системасын түзүү чараларына арналган.

Курс зомбулукка кабылган аялдарга жана кыздарга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртууга жол ачат. Сертификат алуу үчүн ар бир курсту өткөндөн кийин сунушталуучу суроолорго туура жооп берүү зарыл.
Курстан өтүү үчүн тиешелүү шилтемени баскыла.

Курс «Демократиялык процесстерди изилдөө борбору» тарабынан Бириккен Улуттар Уюмунун Калк фондунун долбоорунун алкагында Улуу Британия Өкмөтүнүн каржылык колдоо көрсөтүүсү астында даярдалды. Курстун мазмуну Улуу Британия Өкмөтүнүн расмий көз карашын чагылдырбайт. Бул курста билдирилген ой пикирлер Бириккен Улуттар Уюмунун Калк фондунун көз караштарын милдеттүү түрдө чагылдырбайт. Колдонулган түшүнүктөр тигил же бул өлкөнүн укуктук макамына, аймагына же районуна, же болбосо алардын чектерине тиешелүү кайсы бир ой пикирлерди билдирет дегенди түшүндүрбөйт.